• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК төрагасы Жумабеков ТүркПАнын медалы менен сыйланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Түркия Республикасынын Измир шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата мааракелик иш-чаралар өтүүдө.

Маарекелик иш-чаралардын алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековго Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын атайын медалы ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясын түзүү боюнча макулдашууга 2008-жылдын 21-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган. Ага ылайык, быйыл ассамблеянын 10 жылдык мааракеси белгиленүүдө.

Пикир

Оставить комментарий