• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЖК төрагасына “Арабаев атындагы университеттин Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.12.22./Кабар/. Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев алгачкы агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык маарекесине арналган “Билим берүүдөгү интеграция маселелери жана мамилелер: Ишеналы Арабаевдин агартуучулук жана коомдук-саясий ишмердигинин улантылышы, заманбаптуулугу” аталышындагы конференцияга катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, конференциянын алкагында Нурланбек Шакиевге “Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий