• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин жыйыны болот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. 31-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин алгачкы жумушчу жыйыны болот. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Кеӊештин жыйынында тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ЕАЭБтин техникалык регламентиндеги чет элдик жарандардын жана юридикалык жактардын турак-жай алуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн системага ылайык ХАССП принциптерин ишке ашыруу алкагында ишкерлердин даярдыгына байланышкан маселелер каралат. Андан тышкары, коомдук талкууга коюлган "Медиация жөнүндөгү" мыйзам долбоорундагы карама-каршылыктар жана коррупциялык тобокелчиликтер талкууланат.

Ошондой эле жыйын катышуучалары окуу келишими, тажрыйбадан өтүү, адистик даярдык өӊдүү түшүнүктөрдү камтыган жана аларды ишке ашыруу механизмдерин колдоого алган мыйзам долбоорун, мындан сырткары, Жогорку Кеӊештин депутаттары тарабынан демилгеленип, баалуу металлдарды камтыган кен жана концентрат түрүндөгү чийки заттарды экспорттоонун бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн товардын бажылык наркынан 25% төмөн болбоосун сунуштаган "Бажы тарифи тууралуу" мыйзам долбоорун карашат. Кыргыз Республикасынын курулуш сектору да талкууга алынмакчы.

Талкуулардын жыйынтыгында Кеӊеш ишкерчилик менен мамлекеттик органдардын өз ара натыйжалуу иш алып баруу механизмин жана координациялоо системасын иштеп чыгат, ошондой эле мыйзамдардагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүнү аныктайт. Кеӊештин сунуштары мамлекеттик органдардын кароосуна жөнөтүлүп, алардын аткарылышы да Кеӊеш тарабынан көзөмөлдөнөт.

Жыйынга Жогорку Кеӊештин фракцияларынын, тармактык комитеттердин, министрлик менен ведомстволордун, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышат.

Эске салсак, аталган Кеӊешти Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жетектейт. Анын орун басарлыгына депутат Абдывахап Нурбаев жана Кыргыз Республикасынын Соода-өндүрүш палатасынын президенти Марат Шаршекеев дайындалган.

Кеӊештин башкы максаты өлкөнүн ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, инвесторлорду тартуу жана Кыргызстандагы ишкерчилик ишмердүүлүгүн жогорулатуу. Тагыраак айтканда, аталган Кеӊеш ишкерчиликти жөнгө салган мыйзамдарга сунуштама берүүчү, бизнес чөйрөсүнө байланышкан нормативдик-укуктук актыларга мониторинг кылуу менен анализ жүргүзүүчү аянт болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий