• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК Төрагасынын фондунан Аюу айылындагы жер көчкү алдында калып, каза тапкандардын жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13-май /Кабар/. Кечээ, 12-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү алдында калып, каза тапкандардын жакындарына Төраганын жеке фондунан акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин депутаты Аалы Карашев Төрага Чыныбай Турсунбековдун атынан жер көчкүдөн улам жакындарын жоготкон ар бир үй бүлөгө 80 миӊ сомдон тапшырды.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков жер көчкү катталган күнү, 29-апрелде Аюу айылына барып, жакындарын жоготкондордон кабар алуу менен бирге жергиликтүү эл менен да жолуккан.

Жолугушууда Чыныбай Турсунбеков Өкмөттү кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюуга чакырып, жеке Төраганын фондунан каржылык жардам көрсөтүлөрүн убада кылган.

Пикир

Оставить комментарий