• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК төрагасынын орун басары карылар үйүнө барып, майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары, депутат Мирлан Бакиров Бишкек шаарындагы Ленин райондук карылар үйүнө барып, аларды бүгүнкү карылар күнү менен куттуктады.

Жолугушуу учурунда “Кадырман карылар сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздерди биз эч качан унутпайбыз. Мамлекеттүүлүктү түптөөдө салымыңыздар ат көтөргүс экени талашсыз. Жаш муун эл үчүн кылган кызматыңыздарга таазим этет”, – деди Мирлан Бакиров.

Иш чаранын соңунда төраганын орун басары карылар үйүнүн иши менен таанышып, атайын ала барган белектерин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий