• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК төрагасынын орун басары Кодуранова Эстониянын элчиси менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Асел Кодуранова Эстониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хейти Мяемеэс менен жолугушту. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты, Эстония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Динара Исаева, Эстониянын Кыргызстандагы Элчилигинин экономика маселелери боюнча кеңешчиси Калви Ноормяги катышты.

Жогорку Кеңеш Төрагасынын орун басары Асел Кодуранова өз сөзүндө Кыргызстан менен Эстониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1996-жылы жолго коюлгандыгына токтолуп, Жогорку Кеңеш депутаттарынын атынан эстон элин Эстониянын көз карандысыздыгынын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңеш Төрагасынын орун басары Кыргызстан Эстония менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин билдирди. Ал Кыргызстанда инвесторлор үчүн артыкчылыктуу жагдайлар бар экенин, алардын бири либералдуу инвестициялык мыйзамдар экенин айтты. Мындан сырткары, А.Кодуранова Эстониянын “электрондук өкмөт” системасын колдонуу тажрыйбасын белгилеп, Кыргызстандын бул жааттагы жетишкендиктерин маалымдады.

Жогорку Кеңеш депутаты Динара Исаева Эстониянын билим берүү, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөржайы тармактарын реформалоодогу ийгиликтүү тажырыйбасын тизмектеди. Эл өкүлү парламенттер аралык кызматташуу жана депутаттык достук топтордун ишмердүүлүгү эки өлкөнүн ортосундагы ар түрдүү тармактагы эки жактуу карым-катышты кеңейтүүгө көмөкчү болоорун кошумчалады.

Эстониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хейти Мяемеэс эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташууну бекемдөөгө ар тараптан көмөктөшүүгө даярдыгын билдирди.

Мындан сырткары, жолугушууда парламенттер аралык жана мамлекеттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, Кыргызстан менен Эстония ортосундагы экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү маселелери боюнча сөз жүрдү. Ошондой эле тараптар жакынкы мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын Эстонияга болуучу сапарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий