• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК төрагасынын орун басары Жайыл районунун тургундары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Чүй облусунун Жайыл районундагы айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, дыйкан чарбалардын жетекчилери, ишкерлер жана тургундар менен жолугушту.

Парламенттен белгилешкендей, жолугушууга Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев баштаган аймактык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, тиешелүү министрликтердин, мекемелердин, “Айыл Банктын” жана “РСК Банктын” өкүлдөрү катышты.

Жайыл районунун тургундары социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүп, анын ичинен аймактын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилешти. Алардын айтымында, бала бакчаларды, мектептерди, спорт комплекстерин, маданият үйлөрүн куруу зарыл, анткени алардын көбү 60-жылдары курулуп, жараксыз абалга келген.

Ошондой эле, насыя берүүдө талап кылынган документтердин санын кыскартуу менен жеңилдетилген насыя берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштар берилди. Андан тышкары, Суусамыр айыл аймагынын тургуну Үсөн Бурканбаев Суусамыр-Арал жолунун жана өрөөндөгү жайыттардын абалына өзгөчө көңүл бурду.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев быйылкы жылы министрлер кабинети тарабынан буга чейин 50%ы бүткөрүлгөн, социалдык объектилердин курулушун аяктоо пландалып жатканын баса белгиледи. Ага ылайык, 2023-жылы Сосновка айылындагы мектеп, Суусамыр айылындагы маданият үйү жана Кара-Балта шаарындагы кургак учук ооруканасы быйыл бүткөрүлөт.

Нурланбек Азыгалиев ошондой эле Кара-Балта шаарындагы “Бакай” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнөн кабар алып, Кызыл-Дыйкан айылындагы таза суу түтүктөрүнүн курулушу менен таанышты.

Жолугушуудан кийин Нурланбек Азыгалиев коомдук кабылдамада жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды. Эскерте кетсек, эл өкүлүнүн коомдук кабылдамасы Кара-Балта шаарынын мэриясынын имаратында 2022-жылы ачылган.

Пикир

Оставить комментарий