• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ЖК Төрагасынын Ош облусундагы иш сапары Жапалак айылында уланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош облусундагы иш сапарын Жапалак айыл аймагында улантып, таза суу менен камсыздоочу кампанын иши менен таанышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 6000 м3 сыйымдуулуктагы кошумча суу кампаны курууга 46 млн. сом керектелери эсептелип, каржынын тартыштыгынан долбоорду толук ишке ашыруу токтоп турат. Андан тышкары, аталган айыл аймактын карамагындагы Татар жана Орке айылдары тарапка да 1000 м3 сыйымдуулуктагы эки суу кампасын куруу зарылчылыгы бар. Ал эми жалпы суу түтүктөрүн тартууга дагы кошумча 130 млн. сом сарпталары болжолдонууда. Кошумчалай кетсек, буга чейин да чет элдик донорлордун жардамы менен Жапалак айыл аймагында суу кампасы курулуп, учурда иштеп жаткан менен калктын көптүгүнөн таза суу көйгөйү толук чечилбей келет.

Төрага суу өмүрдүн булагы экенин белгилеп, көйгөйдү Өкмөт көзөмөлгө алуусу керектигин билдирди. "Аймактар өнүкпөйүн, өлкө өнүкпөйт. Андыктан айылдардын инфратүзүмүн жакшыртууга көӊүл буруу менен социалдык маселелерин чечишибиз зарыл", - деди Дастанбек Жумабеков.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеш Төрагасы баштаган парламент депутаттары Ош облусунда жүрөт. Сапардын алкагында аймактагы бир катар социалдык мекемелердин иши менен таанышуу мерчемделген жана облустун активи менен да жолугушу болору күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий