• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК төрагасынын учагы Ташкентке коно албай койду

Коом 0

Бишкек, 20.12.17. /Кабар/. ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков жана бир катар депутаттар бар учак калың туманга байланыштуу Ташкент аэропортуна коно албай койгон.

ЖК басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу өзүнүн фейсбук баракчасында “Ташкентте калың туман, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган делегаттар Самаркандка кондук. Жергиликтүү бийлик күтүүсүз конокторду татыктуу тосуп алды”,-деп жазган.

Парламенттин расмий интернет сайтында маалымдалгандай, бүгүн, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация расмий иш сапар менен Өзбекстан Республикасына келди.

Учак Самарканд шаарына конуп, делегацияны жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү тосуп алышты. Бүгүн, бир катар иш-чаралар мерчемделген, алардын катарында Өзбекстандын биринчи Президенти И.Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюу иш чарасы да өтөт.

Эске салсак, аталган иш сапар Олий Мажлис Сенатынын Төрагасы Н.Юлдашевдин чакыруусу боюнча уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий