• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Төрага Талант Мамытов шайлоо жана референдумга добуш берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга добуш берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талант Мамытов Бишкек шаарындагы "Белек" маданий-оюн зоок борборунда жайгашкан № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө катышты.

Добуш берген соң төрага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн бир катар суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий