• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК: тармактык комитет министр кызматына Тилек Текебаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна Тилек Текебаевди дайындоого макулдук берүү маселесин карады.

Сунушталган талапкер боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү курулуш, транспорт жана жарандык авиация тармагындагы бир катар маселелерди көтөрүштү. Алсак, депутат Тазабек Икрамов талапкердин социалдык объектилерди жана автожолдорду куруу боюнча мурда башталган иштерди аягына чыгаруу жаатындагы пикирине кызыкса, депутат Гүлшаркан Култаева пландарын сурап, Жол фондунун ишмердүүлүгү тууралуу маселеге токтолду.

Ошондой эле депутат Азамат Исраилов министр катары өлкөнүн бийик тоолуу аймактарындагы жолдордун абалы менен таанышып баштоону сунуштаса, депутат Мурадил Сыдыков быйылкы жылдын капиталдык салымдарынын титулдук тизмесине кирген социалдык инфраструктуралык объектилердин курулушун аяктоо зарылчылыгын белгиледи.

Ал эми комитет төрагасы Бактыбек Сыдыков бардык күч-аракетти тармакты эффективдүү башкарууга жумшоо керектигин айтып, талапкерди жигердүү иштөөгө чакырды.

Талкуунун жыйынтыгында комитет Жогорку Кеңешке Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникациялар министри кызматына дайындоого макулдук берүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий