• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК тармактык комитети Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, анын талапкерлиги Премьер-министр Сапар Исаков тарабынан жакында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна сунушталууда.

Депутаттар Санжар Муканбетов вице-премьер-министрликке дайындалып калса, кайсы тармакты тескей турганына кызыгышты. Андан тышкары, Өкмөткө 4 вице-премьер-министр көптүк кылары, алардын санын кыскартуу зарылдыгы айтылды.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жаӊы вице-премьер-министр экономикалык тармакты, анын ичинде кирешелер менен чыгашаларды, банк тармагын тейлей турганын белгиледи.

Талкуу жыйынтыгында тармактык комитет вице-премьер-министрликке Санжар Муканбетовдун талапкерлиги жактырылды.

Белгилей кетсек, Муканбетов Санжар Турдукожоевич 1972-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин, 2003-жылы Кыргыз Улуттук университетин «экономист» адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун «Жанар» (ЭВМ) заводунда инженер-конструктор катарында баштаган. Кийин Мамлекеттик мүлк фондунда, Каржы министрлигинде, Экономика министрлигинде жооптуу кызматтарда иштеген. Буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу

Пикир

Оставить комментарий