• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК жаӊы депутаты Зарылбек Рысалиев ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.10.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Рысалиев Зарылбек Кылычбекович ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал жакында башка кызматка дайындалганына байланыштуу өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Нургазы Нишановдун («Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциясы) ордуна келди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан Аида Касымалиеваны салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиев 1960-жылы Талас облусундагы Үрмарал айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия институтун, ал эми 1996-жылы Улуттук университетти «укук таануучу» адистиги боюнча бүтүргөн. Ал 2010-2012-жылдары ички иштер министри, 2012-2013-жылдары Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий