• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖК жол эрежелери боюнча айыптарды азайтуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда «КРнын айрым мыйзам актыларына (КРнын Бузуулар жөнүндө кодексине, КРнын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап чыгып, аны үч окууда кабыл алышкан.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары: Ормонов У.З., Мавлянова М.Э., Жунус уулу Алтынбек, Эргешов А.М., Аманкулов М.А., Момбеков Р.Ч., Алимбеков Н.К., Аттокуров Д.Б., Баймуратов К.Ш., Джураев С.М., Жумалиев К.М., Жунус уулу Адыл, Конушбаев Т.К., Сыдыков Б.У., Тотонов Н.Т., Исаев Ж.Б., Маматалиев М.А., Бакчиев Дж.А. жана КРнын өкмөтү.

Эл өкүлү Наталья Никитенко билдиргендей, депутаттар тарабынан демилгеленген бул бириктирилген мыйзам долбоору айып пулдарды кыскартууга багытталган. Өкмөт тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдө Кыргызстанда транспорт каражатын номери жок, жасалма же жалган мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу үчүн жаза каралган. Бузуулардын бул түрүн 5-категориядан Жоруктар кодексинин 173-беренесине өзгөртүү сунушталат. “Аталган мыйзам долбоору боюнча Комитетте жана 6 фракцияда чоң талкуу өткөн. Ошол себептен бул мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап чыгуу сунушу түшкөн”, - дейт Никитенко.

Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү максатында ушул мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдүү киргизүү сунушталып жатат.

Учурда, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорттук каражаттарды эксплуатациялоо тармагындагы бузуулардын көбү Кодекстин колдонуудагы редакциясындагы 123-1 – беренесинин 1-бөлүгүндө камтылган. Кодекстин 123-1-беренесинин 1-бөлүгүндө жол кыймылынын эрежелеринин ондон жогору ченемдери көрсөтүлгөн, аларды бузгандыгы үчүн 2-категориядагы айып пул салынат (3000 сом). Ошону менен бирге Кодекстин 123-1-беренесинин 1-бөлүгүндө адилеттүүлүк принципи сакталган эмес, мисалы келтирсек токтоо же токтоптуруу эрежелерин бузуу үчүн жана светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо үчүн бирдей жоопкерчилик каралган.

Жогоруда көрсөтүлгөн абалдардын мүмкүн болуучу кесепеттери салыштыраарлык эмес. Бул, адамга карата колдонулуучу жаза чарасы жасалган бузуунун мүнөзүнө жана аны жасоо жагдайларына ылайык келүүгө тийиш деп каралган Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 11-беренесине дал келбейт. Ушул себептен айрым бузуулардын категориялары үчүн каралган айыптардын адилеттүү өлчөмүн белгилөө менен жарандардын жоопкерчилигин тактоо үчүн иштелип чыккан. Ошентип, жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо), токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу; жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо; каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу; тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу 1-категориядагы (1000 (миң) сом) айып пул салынат.

Мындан башка, Кодекстин колдонуудагы редакциясындагы 123-1- беренесинин 1-бөлүгүндө каралган бузуулар, бирок бул мыйзам долбоор менен сунушталган редакциясында каралбагандар жаңы 123-1-беренин 11-бөлүгүндө каралат жана анын санкциясы 2-категориядагы айып пулду түзөт. Мындай тактоолор жалгыз адилеттүүлүк принципине эмес гумандуулук принципине да ылайык келет, анткени бул мыйзам долбоору айып пулдардын өлчөмүн төмөндөтүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий