• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖКда банк мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталган мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Кечээ, 27-сентябрда Жогорку Кеӊеште банк иштери боюнча ченемдик укук актыларын өз ара шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын банк иштери чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору боюнча Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору банк иштерине байланыштуу мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталган. Ошондон улам, “КР Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “КР Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” КР мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамдарга жана Граждандык кодекске тийиштүү түзөтүүлөр киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий