• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖКда биринчи кыргыз-жапон парламенттер аралык кызматташуу форуму болуп өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеңеште “Парламенттик демократия шартында мамлекетти өнүктүрүү: Инвестиция тартуу жана коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын экономикалык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча кызматташуу (анын ичинде Жапония менен)” темасында биринчи кыргыз-жапон парламенттер аралык форум болуп өттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку Кеңештин депутаты, Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук топтун жетекчиси Таалайбек Масабиров парламенттик демократия жолун тандап алган Кыргызстанда Жогорку Кеңеш бийликтин маанилүү бутагы экендигине токтолуп, өлкөнүн өнүгүшү, инвестиция тартуу боюнча жапониялык кесиптештери менен бүгүнкүдөй форум уюштурууну демилгелеп, жүзөгө ашырып жаткандыгын белгиледи.

Жыйын жүрүшүндө депутат Каныбек Иманалиев Жапонияда баардык маселелер парламентте гана чечиле тургандыгына токтолуп, Кыргызстанда парламентаризмди бекемдөө максатында жапон парламентинин тажрыйбасы менен бөлүшүү зарылдыгын айтты. Ал эми депутат Абдывахаб Нурбаев болсо чакан жана орто ишкерликти Жапониянын JICA эл аралык уюмунун алкагында өнүктүрүүгө көңүл бурду. Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбеков бул форумдун эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташуусуна чоң салым болоорун, кыргыз-жапон алакасын тереңдетүү үчүн экономикалык, маданий байланыштарды өркүндөтүү зарыл дейт.

Жапония парламентчилери менен ишкерлери айыл чарбасындагы экологиялык өнүмдөргө басым жасап, ыңгайлуу баада экспорттоо, туризм тармагын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо тармагына заманбап жабдууларды тартуу менен жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана башка маселелер боюнча пикирлерин ортого салышты. Ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатуу тууралуу дагы сөз жүрдү. Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура Кыргызстанга инвестиция тартууда башкы маселе мыйзамдуулуктун, укуктук-ченемдик актылардын так иштеши жана сот акыйкаттуулугу өтө маанилүү экендигин кошумчалады.

Жапония парламентинин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргызстан менен достук лигасынын башчысы Ген Накатани кыргыз-жапон форумунда айтылган сунуш-пикирлер менен каалоолорду Жапонияга барганда кеңири чөйрөдө кылдат талкуулап, аларды иш жүзүнө ашырууга ар тараптуу аракеттерди көрө тургандыгын билдирди. Форумдун ишин жыйынтыктаган Жогорку Кеңештин депутаты, Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук топтун жетекчиси Таалайбек Масабиров дагы кесиптешинин пикирин кубаттап, инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүдө мыйзамдардагы айрым мүчүлүштүктөргө терең маани берип, аларды четтетүүнүн үстүндө иш алпарууну убада кылды.

Белгилей кетсек, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Таалайбек Масабиров, Абдывахаб Нурбаев, Айнуру Алтыбаева, Данияр Аттокуров, Каныбек Иманалиев жана ошондой эле КР Жогорку Сотунун, Экономика министрлигинин, Соода платасынын өкүлдөрү, Кыргызстандын Жапониядагы атайын жана ыгарым укуктуу элчиси Чыңгыз Айдарбеков катышты. Ал эми Жапония тараптан болсо Жапония парламентинин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргызстан менен достук лигасынын башчысы Ген Накатани баш болгон депутаттары жана бир катар бизнес өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий