• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖКда Чыӊгыз Айтматов атындагы орденди белгилөө демилгеси талкууланууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Чыӊгыз Айтматов атындагы орденди уюштуруу максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдар жөнүндө» КР мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин бири депутат Аида Касымалиеванын айтымында, Чыӊгыз Айтматов атындагы орденди белгилөө демилгеси залкар жазуучунун көркөм мурасын сактоо, кеӊири жайылтуу болуп саналат. «Бул орден менен маданият тармагынан өнүгүшүнө, гумандуулук идеяларын жайылтууга, адамзаттын жандүйнөсүн байытууга, тынчтыкты сактоого зор салым кошкон кыргыз жарандары жана чет өлкөлүк адамдар сыйланат», - дейт эл өкүлү.

Талкуу жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев, Сайдулла Нышанов баштаган бир катар депутаттар бул демилгени колдошо турганын билдирүү менен бирге, азыркы учурда көп сыйлыктар татыксыз адамдарга деле же бийлик башындагы аткаминерлердин жакындарына берилип жатканын эске салып, мамлекеттик сыйлыктарды татыктуу гана жарандарга ыйгаруу зарылдыгын белгилешти.

Белгилей кетсек, жобого ыдайык, Чыӊгыз Айтматов атындагы орден мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Анын каржы булагы алдынала аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий