• 84.79
  • 101.97
  • 1.11

ЖКда депутаттар каза болгон Нурланбек Кадыкеевди эскеришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйыны кечээ, 12-июнда оорудан улам 49 жашында каза болгон Жогорку Кеӊештин депутаты, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевичтин жаркын элесин эскерүү менен башталды. Ал 2015-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланган.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков эл өкүлдөрүнүн атынан Нурланбек Кадыкеевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көӊүл айтуу менен, алардын аза кайгысын теӊ бөлүшө турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий