• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖКда кардын жаашы менен жаралган көйгөйлөр боюнча маселе көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында кардын жаашы менен жаралган көйгөйлөрдү, таза суу маселелерин көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө (Воронцовка) айылынын тургундары депутат Уланбек Примовго кайрылышкан. Анда Чоң-Арык айылы менен Байтик айылындагы эки айрылыш чоң жолго чейинки жолго асфальт төшөлгөнү менен тротуар эске алынбай калган.

“Кыш күчүнө кирип, кардын жаашы менен бир катар айылдарда электр жарыгы өчүп, кышка болгон даярдыктардын жетишсиздиги байкалып калды”,- дейт депутат Эмил Токтошев.

Депутат Аалы Карашев кардын жаашы менен “Жол азабы – көр азабы” болуп, Бишкек – Ош жолунда каттаган элдин кыйынчылыктарга кабылып жатканын Өкмөткө жолдоду.

Депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы абанын тазалыгы боюнча маалымат алгандыгын, борбор калаа тургундары бир топ зыяндуу заттар менен дем алып жатканын билдирди. “Бизде абанын тазалыгын текшерип туруучу болгону бир гана жабдуу бар экен. Биз, жалпы эле жарандар аба ырайы сыяктуу эле кандай аба менен дем алып жатканыбызды билип турушубуз керек. Бул маселе чет өлкөлөрдө катардагы эле көрүнүш. Аткаруу бийлиги тиешелүү жабдуулар менен камсыздашы зарыл”,- дейт Д.Бекешев.

Баткен облусунун айрым жерлеринде күнүмдүк тирлик Тажикстан аркылуу каттоо менен өтөт. Ары-бери каттоодо элден экологиялык жыйымдар алынып, маселе жаралууда. Мындай маалыматты ортого салган депутат Таабалды Тиллаев Тажикстан бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, элдин көйгөйүн чечип берүүгө КР Өкмөтүнүн көңүлүн бурду.

Пикир

Оставить комментарий