• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЖКда комитет төрагалары шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” парламенттик фракцияларынын чечимдери каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында депутат Мирлан Бакиров “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын чечими менен тааныштырды. Анда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна депутат Тынчтык Шайназаров жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Зиядин Жамалдинов сунушталган.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын чечимин окуп берди. Анда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна депутат Наталья Никитенко, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Эмил Токтошев сунушталган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков комитеттин чечими менен аталган фракциялар тарабынан сунушталган талапкерлерди Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип жатканын маалымдады.

Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна депутат Наталья Никитенко (“Ата Мекен”) жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Эмил Токтошев (“Ата Мекен”) шайланды.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий