• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖКда КР Акыйкатчысы кызмат ордуна шайлоо жол-жоболору жүрүп жатат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) шайлоо жөнүндө маселе каралып, шайлоону өткөрүү үчүн комиссия түзүлдү. Акыйкатчылыкка парламенттик фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлгөнү белгилүү болду. Акыйкатчы ошолордун арасынан тандалып алынууга тийиш.

Ошентип, КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, «Бир Бол» фракциясы 3 талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиздин талапкерлигин сунуштаган.

Фракция жетекчилери өз талапкерлерин тааныштырды. Алар депутаттарды өз программалары менен тааныштырып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берүүдө.

Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев 27-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий