• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖКда Liglass Trading боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушташууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.09.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. ЖКда айрым депутаттар Жогорку-Нарын ГЭС каскадын жана Кыргызстандагы бир катар кичине ГЭСди курууга белсенип жаткан Liglass Trading чех компаниясы боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү сунушташууда.

Депутат Жанар Акаев парламентте ар кандай социалдык-экономикалык маселелер каралып жаткан жыйында , Liglass Trading ишканасынын айланасында ГЭС куруу боюнча келишимге кол коюлгандан тарта ар кандай ушак кептер токтобой келе жаткандыгын айтты.

“Чехиянын ЖМКлары, Кыргызстан жада калса бир жолу да тегирмен курбаган компанияга стратегиялык объектинин курулушун ишенип тапшырды деп жазып чыгышты”,-деди Акаев.

Анын айтымында, Кыргызстандын ТИМи өз тыянагын чыгарып, бул компания менен иштешүүнүн кереги жок деген.

Депутаттын айтымында, Liglass Trading Кыргызстан РусГидрого төлөп берүүчү 37 млн доллар өлчөмүндөгү каражатты бере элек.

Акаев бул иш боюнча депутаттык комиссия түзүп, бул ишти текшерип чыгууну сунуштады. Бир нече эл өкүлү Акаевдин сунушуп колдоп, комиссия барып карап чыгышы керектигин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий