• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖКда Маданият жана Социалдык өнүгүү министрликтеринин башчылыгына талапкерлер каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеңеште маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Азамат Жаманкуловдун жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги каралууда.

Эске салсак, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бош кызматтарга жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын талапкерлигин көрсөткөн.

Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон. Азамат Жаманкулов учурда маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары.

Эске салсак, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрда узакка созулган оорудан улам каза болгон. Таалайгүл Исакунова социалдык өнүгүү министри кызматынан 11-октябрда бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий