• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖКда мектептердеги акча чогултуу көйгөйлөрү айтылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында эл өкүлдөрү билим берүү жаатындагы көйгөйлөрдү тизмектешти. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Рада Туманбаева Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү Турдубаев мектеби келерки жылы курула турган обьектилердин тизмесине кирбей калгандыгын Өкмөттүн астына койду.

Депутат Жыргалбек Калмаматов борбор калаадагы №12 мектепте мүчөлүк төлөм катары 5000 сомдон чогултулаарын, китеп, ремонт маселелериндеги каражат дагы ата-энелердин мойнунда экенин, бул боюнча арыздар келип түшкөндүгүн ортого салды.

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында 800 орундуу мектепте бүгүнкү күндө 3 нөөмөт менен 2500 чамасында окуучу окуйт. Жаңы мектептин курулушу каражат жок токтоп турат. Бул тууралуу депутат Тынчтык Конушбаев билдирди. Эл өкүлү Бишкек – Кара-Балта жолун куруу маселеси 1,5 жылда араң дегенде тендерден өткөнүн айтып: “Бүгүнкү күнү эмнегедир эч кандай иштер байкалбайт. Тендерден эмне болгон компания утуп чыккан билишибиз керек”,- дейт.

Депутат Бакирдин Субанбеков Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында 140 орундуу бала бакчанын каркасы гана туруп, курулуш токтоп калды деген шайлоочулардын кайрылуусу менен тааныштырды.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында бир катар мамлекеттик органдар балабакчалардын имаратына жайгашкан. Депутат Максат Эгембердиев аталган шаардагы бала бакча имаратында жайгашкан ички иштер башкармалыгына имарат табылганы менен аны оңдоп-түзөөгө каражат жоктугунан улам, балабакча өз максатында иштей албай жатканына Өкмөттүн көңүлүн бурду.

Пикир

Оставить комментарий