• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖКда миграция жана кургак учук темасына арналган "Үйгө дени сак кайтып кел!" сүрөт көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чоң жыйналыштар залында миграция жана кургак учук темасына арналган "Үйгө дени сак кайтып кел" сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмө 20 сүрөттөн турган топтомду камтыйт. Сүрөттөр кесипкөй сүрөтчүлөр, медициналык кызматкерлер жана аутрич-кызматкерлер тарабынан соңку үч жылдын ичинде Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда тартылган. Сүрөттөн жугуштуу оорунун – кургак учуктун жөнөкөй эмес реалийлерин чагылдырат, ал жыл сайын Кыргыз Республикасында дээрлик беш жүз адамдын өмүрүн алат.

Миграциянын шартындагы иш кургак учук менен ооруган адамдардын жашоо турмушуна, алардын ден соолугу үчүн олуттуу тобокелдик алып келгидей таасир тийгизгендиктен, мигранттардын эмгектик ишмердигинин реалияларына жана ден соолук маселелерине, ошондой эле ишине берилген медициналык кызматкерлер жана аутрич-кызматкерлерден алар алган жардам жана колдоо булактарына көңүл бурдурган сүрөттөр тандалып алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ачылганга чейин «Үйгө дени сак кайтып кел!» көргөзмөсү Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас шаарларында, ошондой эле Бишкекте “Манас” аэропортунда өткөрүлгөн. Сүрөт көргөзмө Кыргызстандан сырткары Астана жана Дүйшөмбү шаарларында да болгон.

«Үйгө дени сак кайтып кел!» көргөзмөсү Project HOPE, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча Агенттигинин (USAID), Улуттук фтизиатрия борборунун жана кургак учуктун улантылып жаткан эпидемиясына каршы күрөшүүгө тартылган кыргыз өкмөттүк эмес уюмдардын Демилгелүү тобунун колдоосунун аркасында мүмкүн болду.

Пикир

Оставить комментарий