• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖКда Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү маселесине арналган иш-чара өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.01.18 /Кабар/. Жогорку кеӊеште Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин демилгеси менен «Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол өттү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.

Белгилей кетсек, Өкмөт тарабынан сунуш кылынган мыйзам долбоорунун негизги максаты салык тармагын электрондук тейлөөгө, анын ичинде электрондук эсеп-фрактураларды колдонууга өткөрүү үчүн салыкты электрондук башкаруу жана аны аралыктан башкаруу усулун киргизүү чараларын ишке ашырууга укуктук негиз түзүү болуп саналат.

«Мында ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн товарларын көзөмөлгө алууга шарт түзүлөт», - деп, тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев иш-чара катышуучуларын талкууга жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Иш-чара жүрүшүндө жасалган баяндамалардан улам, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамга да айрым бир түшүнүктөрдүн маансин тактоо жаатында түзөтүүлөр киргизилип жатканы белгилүү болду. Мисалы, сынактык талдоо – инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн товарларды, жумушту, тейлөө кызматын ж.б.у.с.ларды берүү боюнча жеӊүүчү аныктала турган жүрүм.

Андан тышкары, инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүү жакты сынактык тандоо усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала тургандыгы тууралуу жобо да сунушталууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин пикиринде, инвестициялык долбоорлор боюнча мамлекет үчүн маанилүү болгон чечимдердин кабыл алынуу жүрүмүн кыйла тездетет.

Пикир

Оставить комментарий