• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖКда социалдык жөлөкпул боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланып жатат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамга, Балдар жөнүндө кодекске, “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамдарга) 2-окууда каралып жатат. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.

Мыйзам долбоору аркылуу 16 жашка чейинки балдарга “Үй-бүлөгө көмөк” аттуу жөлөкпул каралган. Анда муктаждыкты эске алуу менен майып балдарга жана кичине кезинен бери майып болгон балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун көлөмүн жогорулатуу; ата-энелеринин камкордугунан ажыраган жана интернат тибиндеги балдар үйлөрүндө мамлекеттин камсыздоосундагы балдарга жеке депозиттик счетторду милдеттүү түрдө ачуу тууралуу ченем киргизүү (бул счетко эрезеге жеткенге чейин аларга мыйзам чегиндеги алимент, пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык төлөмдөр топтолушу үчүн) каралууда. Мыйзам долбоорун 1-окуудагы кароодо бир катар депутаттардын сунуштарынан кийин мыйзам долбоорунда жыйынды кирешеге пенсиянын ар кандай түрлөрү кошулбастыгы белгиленген. Мындан сырткары "балага жөлөк" – 1,5 жашка чейинки ар бир баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпул белгилөө каражат маселесинен улам мыйзам долбоорунан алынып салынган.

Суроо-жооп маалында депутат Сайдулла Нышанов жөлөкпулду колунда бар бай адамдар эмес накта муктаждар алгандай шарт түзүлүшү керектигин баса белгиледи. Бир катар депутаттар элдин өтүнүчү эске алынып жыйынды кирешеден пенсиялар алынып салынгандыгын кубаттого алышты. Депутат Карамат Орозованын пикиринде, “балага жөлөк” ченеминин долбоордон алынып салынышы туура эмес. Ал эми чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттар балдарын чоң ата, чоң энелерине камкордукка алуусун мыйзамдаштырып таштап кетсе ал балдар жөлөкпул ала алаары белгилүү болду.

Суроо-жооп уланууда.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-январынан тартып «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кириши керек болчу. Бул мыйзам балдары бар үй-бүлөлөргө жөлөкпулду кирешеси боюнча эмес, категориялык жана демографиялык белгилери боюнча чектөөгө өтүүнү, жөлөкпулду ар бир үч жашка чейинки балага жана үчтөн ашык балдары бар үй-бүлөлөргө чектөөгө өтүүнү камтыган. Бул мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү «балага сүйүнчүнү» берүүнү караган ченемден тышкары, 2018-жылдын 1-апрелине чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий