• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ЖКда жаӊыдан дайындалган бир катар өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү – биринчи вице-премьер-министр Шадиев Аскарбек Алимбаевич, вице-премьер-министр Кенекеев Дайыр Атакулович, маданият, маалымат жана туризм министри Жумагулов Султанбек ант берип, өздөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан парламентте ант берген жаӊы өкмөт мүчөлөрүн расмий түрдө өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришүүсү менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Жыйынга катышкан КР Президенти Сооронбай Жээнбеков да өз мекендештерин, анын ичинде кыргыз парламентинин депутаттарын Жаӊы жыл майрамы менен куттуктап, аларга чыӊ ден-соолук, бакубат турмуш, иштеринде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий