• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖКда ЖЭБдеги көйгөй үчүн премьер Исаковдун отставкасын талап кылышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутаттар Бишкек ЖЭБдеги авария темасын көтөрүшүп, кызматтык адамдардын жоопкерчилигин талкуулашууда. Айрым эл өкүлдөрү бул маселени талкуулоодо жыйында премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусу керектигин белгилешти.

“Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бул маселе боюнча маалымат берүүсү үчүн өкмөт башчыны чакыруу керектигин айтты.

“Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев өкмөт башчы кызматын ээлегенге Сапар Исаковдун моралдык укугу жок экенин билдирди.

Бокоев ошондой эле премьер-министр парламентке келип, депутаттардын суроосуна жооп бериши керектигин айтты.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ЖЭБдеги кырдаалды текшерип, баа берүү боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, 26-январда саат 18:00дө Бишкек ЖЭБдеги жабдыктардын айрымдары убактылуу иштен чыгып, көйгөй пайда болгон. 27-январдын кечине ЖЭБдеги авария четтетилип, бирок үйлөргө жылуулук берилген эмес.

Улуттук электр холдинг 30-январда эртең менен жаңы блок ишке киргизилип, ал эми шаарда жылуулук кечинде берилерин билдирген.

Ошондой эле Сапар Исаков “Электр станцияларынын” башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоевди жана Бишкек ЖЭБдин директору Өмүркул уулу Нурланды кызматтан алуу маселесин кароону сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий