• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖКда жол кырсыктары тууралуу соцролик тартып ТВ аркылуу көрсөтүүнү сунуштап жатышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.10.17./Кабар/. Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы жол кырсыктары тууралуу социалдык ролик тартып аны телеканалдары аркылуу көрсөтүүнү сунуштап жатышат.

Депутат Урматбек Самаев парламенттин жыйынында өлкөдө жол кырсыгынын саны көбөйүп жаткандыгын айтты.

“Автомектептер айдоочулук күбөлүктөрдү сатууда, натыйжада жаштар – биздин келечек каза болууда”,-деди ал.

Ал атайын видео роликтерди тартып, аларды телеканалдар аркылуу көрсөтүүнү жана ЖМК аркылуу түшүндүрүу иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жол кырсыгынын кесепетинен күнүнө орточо эсеп менен 3 адам каза болуп, дагы 20сы жаракат алат.

Пикир

Оставить комментарий