• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖКга кайра шайлоо. Кыргызстанда бүгүн «жымжырттык күнү»

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-февраль Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун алдындагы “жымжырттык күнү”. Бүгүн эртең менен саат 08.00дө талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери аяктады.

Бул күнү (шайлоого 24 саат калганда) саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келмек. Бирок Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болгон. Буга байланыштуу добуш берүү өткөн жок деп табылып, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Свердлов жана Биринчи май шайлоо округу боюнча кайра шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-февралына дайындалган.

Кайра шайлоого БШК тарабынан № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча 52 талапкер катталган. Бирок, Биринчи май округу боюнча эки талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий