• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖКга кайра шайлоо: Саат 18:00гө карата БШКга тогуз арыз келип түштү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда саат 18:00гө карата БШКга тогуз арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен алтоосу добуш сатып алуу, бирөө үгүт материалдарын бузуу, дагы бирөө добуш берүүнүн купуя сырын бузуу боюнча арыз түштү.

“Добуш сатып алуу арызы боюнча иш козгоодон баш тартылды. Калгандары боюнча текшерүү иштери жүрүүдө”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий