• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ЖКга кайра шайлоо. Шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзам бузуулар боюнча 38 арыз түшкөн

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзам бузуулар боюнча 38 арыз түшкөн. Бул тууралуу КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев брифингде билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 24 арыз Борбордук шайлоо комиссиясына, 14ү Координациялык ыкчам топко түшкөн.

"Бардык арыздар каралды. Жыйынтыгында айыппул салынып, эскертүүлөр берилип, айрым материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди", - деди ал.

Муну менен катар Койчукеев 11 арыз боюнча укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартканын, 3 кайрылуу боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын, 1 факты боюнча кылмыш иши козголгонун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий