• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖКга шайлоо. Венгрияда биринчи жолу шайлоо участогу түзүлөт

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. КР Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 28-сентябрдагы жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоодо өлкөдөн тышкары жашаган же жүргөн КР жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо максатында Будапешт шаарында (Венгрия) №9058 шайлоо участогун түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган чечим Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин түзүлүшүнө байланыштуу КР Тышкы иштер министрлигинин сунушунун негизинде кабыл алынды.

Ошентип, алдыда боло турган Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын жалпы саны 29 өлкөдө 58ге жетти.

Ошондой эле, быйыл биринчи жолу төмөнкү шаарларда 9 шайлоо участогу ачылмакчы:

- Россия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында;

- АКШ – Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында;

- Түркия – Анталья шаарында;

- Италия – Кальяри шаарында.

Пикир

Оставить комментарий