• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖКга шайлоо. БШК маморгандардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү менен 2021-жылдын 28-ноябрына бекитилген КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында өз ара аракеттенүү маселеси боюнча онлайн-жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайыкташтыруунун алкагында шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрүн маалымдады. Алсак, жаңы Конституцияга ылайык, парламентке 90 депутат шайланмакчы. Ошол эле учурда, мыйзамда алардын 36сы бир мандаттуу округдардан, калган 54 депутат - партиялык тизме боюнча шайланаары каралган.

Талкуунун катышуучуларына аралаш шайлоо системасы тууралуу маалымат берилди. Эгерде мурунку депутаттар партиялык тизме жана пропорционалдык система боюнча шайланып келсе, эми бюллетень алгандан кийин, шайлоочу партия үчүн гана эмес, жеке талапкер үчүн да добуш берет - бул ачык тизме деп аталат. Бюллетень эки бөлүктөн турат, анын жогорку бөлүгүндө саясий партиялар, ал эми төмөнкү бөлүгүндө саясий партиялардын тизмесиндеги талапкерлердин номери жазылган бош чарчы болот.

Шайлоо процессинин бардык этаптары боюнча ыкчам маалымат берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Өзүн шайлоочулардын тизмесин текшерүү, паспорттук маалыматтарды жана чыныгы жашаган жерин ж.б. шайкеш келтирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө жарандарды маалымдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

«Шайлоо күнү өлкөдөн сырткары жашаган же жүргөн жарандарыбызга маалымат берүү чоң мааниге ээ. БШКда ар кандай форматтагы маалыматтык материалдар иштелип чыгат. Шайлоочулардын ар кыл топтору өлкөдө добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгү камсыздалгандыгын түшүнүүсү абдан маанилүү», - дейт, шайлоо боюнча медиа-эксперт Авланбек Жумабаев.

Пикир

Оставить комментарий