• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖКга шайлоо. Екатеринбургдагы Башкы консулдук Тюмень шаарына жумушчу сапар уюштурду

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында алдыдагы боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча даярдыктар боюнча 2021-жылдын 15-17-октябрда Тюмень шаарына жумушчу сапар менен барышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Башкы консулдуктун кызматкерлери сапардын алкагында 16-17-октябрында мекендештер менен жолугушуп, КР жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүү, консулдук каттоого тургузуу жана биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, ошондой эле www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталындагы шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүүнү сунушташты.

Тюмень шаарына болгон иш чаранын жүрүшүндө жарандарды кабыл алуу жүргүзүлүп, төмөнкү консулдук кызматтар көрсөтүлдү:

- консулдук каттоого кабыл алуу жана биометрикалык маалыматтарды чогултуу – 21 жаран;

- жалпы жарандык паспортту жасатууга документтерди кабыл алуу – 15;

- даярдалып келген паспортторду жарандарга тапшыруу – 21;

- ар кандай суроолор боюнча жарандарга кеңеш берүү – 22.

Мындан сырткары, Тюмендеги жаңы түзүлгөн №9018 шайлоо участкасында участкалык шайлоо комиссиясынын кезектеги отуруму болуп, уюштуруу маселелери жана алдыдагы шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө, УШК мүчөлөрүнүн иштөө графиги жана шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери талкууланды.

Маалымат үчүн: КРнын БШКнын чечими менен Тюмень шаарында № 9018 шайлоо участкасы түзүлгөн, дареги: Тюмень шаары, Республика көчөсү, 179 (ДНК "Строитель").

Пикир

Оставить комментарий