• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖКККББ Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлерине 32,5 миң сом айып салды

Коом 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери коомдук транспорттор менен болгон жол кырсыктарынын алдын алуу багытында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу ЖКККББ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы республика боюнча жол унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында тиешелүү бөлүм кызматкерлери бүгүн Бишкек троллейбус башкармалыгына барып, айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен текшерүүгө алышты.

Текшерүүнүн алкагында техникалык жабдыктарынын абалы, айрыкча жүргүнчүлөрдүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коопсуздугу үчүн, алардын коляска менен троллейбуска чыгуу жана түшүү үчүн орнотулган пандустардын иштеп жаткандыгына басым жасалды.

Жыйынтыгында жалпысынан техникалык бузууларга жол бергендиги үчүн, троллейбус башкармалыгынын механиктерине Укук бузуулар кодексинин 182-беренесинин 1 жана 7-бөлүмдөрүнө ылайык, 32 миң 500 сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий