• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖКККББ: Коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да жоопкерчиликке тартылат

Коом 0

Бишкек, 20.03.23. /Кабар/. Коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР ИИМдин ЖКККББнын өздүк курамынын ичиндеги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ИИОнун кадыр-баркына доо кетирген кызматкерлерден тазалануу кызматкерлердин ээлеген кызматына, көп жылдык тажрыйбасына жана кадыр-баркына карабастан аёосуз каттуу жүргүзүлүүдө.

"Бирок, жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында, кызматкерлерге акча сунуштап, укук бузууну жеринен чечүүгө аракет кылып, коррупциялык элементтерге өздөрү себепчи болгон айдоочулар да КРнын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартыларын эскертебиз. Урматтуу айдоочулар. Жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында сиздер да коррупциялык элементтерге себепчи болбоңуздар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий