• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖКККББ: Ошто болочок милициянын кайгуул кызматына талапкерлер Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрүштү

Аймак 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Ош шаарында болочок милициянын кайгуул кызматынына талапкер болуп окуп жаткан угуучулар мамлекеттик тил күнүнө карата иш чара өткөрүштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-сентябрь күнү Ош шаарындагы КР ИИМдин Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы кеңсесинде жаңы түзүлүп жаткан милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө талапкер болуп сынактын биринчи турунан ийгиликтүү өтүп, азыркы учурда билим деңгээлин жогорулатып жатышкан угуучулары Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүштү.

"Окуу борборунун жетекчилиги жана окутуучук курамдын катышуучуларын кыргыз тил майрамы менен куттуктап, элди эл кылып турган анын тили, ар бир улуттун тили анын автопортрети, мамлекеттик тил – бул мамлекеттүүлүктүн ыйык символу экендигин белгиледи. Ошондой эле талапкер угуучулар иш чарага кыргыз тил күнүнө арналган дубал газеталарды даярдашкан", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү милициянын кайгуул кызматына талапкер угуучулардын аткаруусунда кыргыз тил тууралуу ыр саптары, элдик ырлар, бийлер менен коштолду, ошондой эле "Манас" эпосунан үзүндүлөр айтылып, окуу борборунун угуучулары аткарган бардык чыгармалар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жакшы маанай тартуулады.

Пикир

Оставить комментарий