• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖКККББ пандемия учурунда ыктыярчыларга салынган айыппулдарды жокко чыгарат

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) коронавирус күч алган мезгилде жол кыймылынын эрежесин бузган ыктыярчылардын айыппулун жокко чыгарууга даяр. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыктыярчылар ар кандай саламаттыкты сактоо уюмдарынан чындап эле илдет күч алган учурда бейтаптарды ташыгандыгын тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү. Мындай учурда айыппулдар кайрадан каралып, жокко чыгарылат.

ЖКККББдан билдиришкендей, 8-сентябрга карата COVID-19 пандемиясы учурунда жол эрежесин бузган адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча чечимдерди алган жарандардан жана уюмдардан 48 арыз келип түшкөн. Жалпысынан 617 чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган.

"Буга чейин 99 учурда айыппул жокко чыгарылган", - деп билдиришти башкармалыктан.

Эске салсак, ыктыярчылар коронавирус эпидемиясынын күчөп турган мезгилинде жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппул каттарын алышканын айтып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий