• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖКККББ: Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө

Коом 0


Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) тарабынан кыймыл эрежелерин бузгандыгы үчүн каралган жоопкерчиликтерди камтыган маалыматтары бар атайын материалдар даярдалып таратылууда. Бул тууралуу ИИМ ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул китепчелер чет өлкөлүк туристтердин жана коноктордун Кыргызстандын аймагына кирип жаткандагы негизги пунктарына жана мобилдик күзөт өткөн кызматкерге таратууда.

2021-жылы жайкы туристтик мезгилди өткөрүү учурунда жарандардын жана чет элдик туристтердин коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча кызматкерлер тарабынан зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жайкы туристтик мезгилде курорттук ден соолукту чыңдоо мекемелери жана элдер көп эс алуучу жайлардын аймагында, коомдук тартипти ички иштер органдарынын кызматкерлери жана элдик кошуундун мүчөлөрү камсыздашууда.

Милиция кызматкерлери жарандардын арыз-дооматтары боюнча ыкчам чара көрүү жана аларга керек учурда жардам берүү үчүн күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.

Жайкы туристтик мезгил убагында көл жээгинде Ысык-Көл облусунун курорттук ден соолукту чыңдоо мекемелеринин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен милициянын кезметтери уюштурулган.

Туристтердин коопсуздугу үчүн республиканын унаа жолдорунда, көчөлөрүндө, эл көп чогулган жерлерде, андан сырткары, эс алуу жайларында КР ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлеринин бирдиктүү постторунун дислокациясы жана кайгулдоо каттамдары иштелип чыгып, ошонун негизинде кызмат өтөшүүдө.

Жайкы туристтик мезгилди өткөрүү маалында чет өлкөлүк жарандарды, конокторду балдарды эс алуучу жайларга, курортторго ташыган жалпы колдонуудагы транспорт каражаттары менен маршруттук таксилердин айдоочуларына жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти кынтыксыз аткаруу боюнча алдын алуу багытындагы маектешүүлөр уюштурулат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында «Кордай (Казакстан) – Бишкек, Манас аэропорту -Бишкек, Түндүк айланма жолу-Бишкек, Бишкек-Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол», «Ош-Бишкек, Ош-Чоң Алай, Ош-Баткен, Бишкек-Торугарт» унаа жолдорунда ИИМдин ЖКККББнын орнотулган көчмө посттору менен ИИОнун кызматкерлеринин кызмат өтөөлөрү ЖКККББнын кызматтык унаалары менен гана дислокацияга ылайык ишке ашырылат.

Расмий делегацияларды, балдарды эс алуу жайларына ЖКККББнын кызматтык унаалары менен коштоп баруу уюштурулуп, иш жүргүзүлүүдө.

Жайкы туристтик сезонду өткөрүү маалында «Бишкек-Нарын-Торугарт», «Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол», «Бишкек-Ош» унаа жолдорунда, «Төө Ашуу», өтмөгүндө ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын күнү-түнү иштеген посту иштеп жатат.

Андан сырткары, тез жардам кызматы, ӨКМ менен биргеликте нөөмөт уюштурулуп, укук бузуулар болгон жерлерге ыкчам барып, жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Жол көзөмөлдөө башкармалык жана бөлүмдөрүнүн өздүк курамына күн сайын мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, жарандар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен маданияттуу, сылык мамиле жасоо жөнүндө нускамалар өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий