• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖККУ Афганистандагы кырдаал боюнча бир катар иш чараларды өткөрөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. ЖККУ Афганистандагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн биринде бир катар ири иш чараларды уюштурууну пландап жатат,- деп билдирди уюмдун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков РИА Новостиге.

“Биз азыр катуу иштеп жатабыз. Афганистандагы кырдаал боюнча жакынкы аралыкта Борбор Азиянын аймагында жайгашкан мамлекеттердин биринде бир катар масштабдуу иш чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз”,-деди Семериков.

Иш чаранын өтүү күнү так айтылган эмес анткен менен ал ушул жылдын аягына чейин уюштурулаары маалым болду.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий