• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖККУ алкагында мыйзамсыз миграция маселелери талкууланды - ММК

Саясат 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев 31-мартта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчө-мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча жамааттык коопсуздук тууралуу 20-жыйынына катышты.

Жолугушууда ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин миграциялык абалы талкууланды. Ошондой эле, мыйзамсыз миграцияга жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2016-жылы аткарылган иш-чаралар каралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү документтерге кол коюлду:

- ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө кызматташуусу жана ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин 2022-жылга чейин мыйзамсыз миграцияга жамааттык каршылык көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча планынын долбоорун иштеп чыгуунун максаттуулугу жөнүндө келишим;

- ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу иштеген аймактык операциясы («Нелегал») тууралуу жобо.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө катышуучу адистерди ЖККУнун базалык окуу жайы - Россия ИИМ БРКЖИде даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий