• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖККУ көп функцияналдуу түзүм катары өнүгүп жатат – Мирзахметов

Коом 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Бүгүнкү күндө аскердик-саясий кырдаалды эске алганда ЖККУ көп функцияналдуу жана кесипкөй түзүм катары өнүгүп жатат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин кезектеги он экинчи жыйынында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Нурболот Мирзахметов билдирди.

Анын айтуусунда, кеңеш иштеп жаткан мезгилдер аралыгында ири иштер жасалган. Алсак, 2011-жылдын 20-декабрында ЖККУнун өзгөчө жана техногендик кырдаалдарга дароо көңүл буруусу боюнча атайын жобо бекитилген.

“Уюм онлайн режиминде борборлор ортосундагы практикалык кызматташтыкты жүргүзүп жатат”, - деп билдирип, андан тышкары, өзгөчө жана техногендик кырдаалдарда кеңештин биргелешип иштөөсү боюнча ыкмалар иштелип жаткандыгын кошумчалады.

Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев билдиргендей, ЖККУ бүгүнкү күндө регионалдык уюмдан дүйнөлүк коомчулук катары таанылган.

Ал ЖККУнун алкагында кызматташуу бир гана аскерий-техникалык тармакта эмес, өрт, куткаруу иштери жаатында да өнүгүп жаткандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий