• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖККУ катчылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын сүйлөшүүлөр демилгесин колдойт

Саясат 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгы 14-16-сентябрда натыйжасында жарандардын өлүмүнө жана оор кыйроолорго алып келген кыргыз-тажик чек арасындагы оор курал колдонуу менен куралдуу кагылышууларга олуттуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

Катчылыктан билдиргендей, алар ок атышуунун токтотууну жана Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү кубаттайт.

“Биз бул татаал чек ара маселесин чечүүнүн, чыңалууну азайтуунун жана эскалациянын алдын алуунун эки тарапка тең алгылыктуу жолдору табылаарына ишенебиз. Биз күч колдонууну жол берилгис деп эсептейбиз. Ошол эле учурда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын жана жоготууларын тең бөлүшөбүз”, — деп айтылат маалыматта.

ЖККУ катчылыгы абалды көзөмөлдөп жатканы, азыр түзүлгөн элдешүү узак мөөнөттүү болот деген үмүттө экени белгиленген.

“Чыр-чатакты сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүү керек, мындан ары адамдардын өлүмүнө жол берүү мүмкүн эмес”, - деп баса белгиледи ЖККУ.

Пикир

Оставить комментарий