• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстанды чек арада ок атууну дароо токтотууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстан менен Тажикстанды чек арада ок атууну дароо токтотууга чакырды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирет.

Станислав Зась эки өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчылары Насрулло Махмудзода жана Марат Иманкулов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда ЖККУнун башкы катчысы тараптарды Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы ок атууну токтотууга чакырды.

"Чек арада кайрадан кагылышуулар болуп, анын кесепетинен жарадар болгондор олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу токтоосуз токтотулушу керек. Чыр-чатакты тынчтык жолу менен сүйлөшүү столунда чечүү керек. Бул үчүн ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстанга жаңжалды жөнгө салууда керектүү жардамды көрсөтүүгө даяр. ЖККУга мүчө эки мамлекеттин жетекчилиги бул татаал чек ара маселесин чечүүнүн өз ара алгылыктуу жолдорун табат деп ишенем", - деди ал.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

"Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий