• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖККУ: Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал токтошу керек

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал токтошу керек, абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу зарыл,-деп билдирди Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась, деп жазат Интерфакс.

“ЖККУ аталган жаңжал токтошу керек деп эсептейт. Аны тынчтык жолу менен чечүү зарыл. Бул жаңжалды жөнгө салуу боюнча зарыл болгон бардык чаралар көрүлүп жатат”, - деди Зась.

Анын айтымында, ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы абалды кылдат иликтеп жатат.

Уюмдун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов бүгүн Душанбеде жүргөн ЖККУнун башкы катчысы Тажикстан менен Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчылары Насрулло Махмудзода жана Рыскелди Мусаев менен кырдаалды талкуулады деп белгиледи.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Акыркы сааттарга карата жаңжалдан 13 адам каза болуп, 134 адам жабыркады.

Эскерте кетсек, ЖККУга Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.

Пикир

Оставить комментарий