• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ЖККУ өлкөлөрүндө коргоо-өнөр жай ишканалары калыпка келтирилет

Коом 0

Бишкек, 8-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. ЖККУга мүчө мамлекеттерде коргоо-өнөр жай ишканалары калыптандырылат. Бул туурасында ЖККУнун мамлекеттер аралык аскерий-экономикалык комиссиясынын 15-жыйынында Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Рогозин билдирди.

Анын айтымында, аскерий-экономикалык жана коргоо-өнөр жай тармагы ЖККУ үчүн өтө маанилүү. Анткени терроризм жана башка сырткы коркунучтар менен биргелешип күрөшкөн күчтү түзүү ЖККУнун негизги аткара турган милдеттеринин бири.

“Бирок кийинки баскыч бул, Совет доорунда курулуп, учурда токтоп турса дагы, иштөөгө болгон жөндөмдүүлүгүн жоготпогон, көп жылдан бери тапшырык жок токтоп турган ишканалардын кызматташтыгы болууда. Мындай мекемелер ЖККУнун бардык өлкөлөрүндө бар”,-деди Рогозин.

“Айрым ишканалардын ортосунда түз кызматташуу башталды. Эгер Кыргызстандын мисалында айта турган болсок, Россия Федерациясынын Соода өнөр жай министрлигинин өкүлдөрүнүн келишин атоого болот. Алар бир катар ишканаларды кыдырып, Россиянын көз карашы менен өтө керек делген ишканаларды калыбына келтирүү боюнча план түзүлгөн. Учурда токтоп же жарым жартылай иштеп жаткан айрым ишканалар жакынкы айларда толугу менен ишке кириши толук мүмкүн”, - деп кошумчалады ал.

Дмитрий Рогозин Россиянын Белорусия жана Казакстан менен болгон буга чейинки өз ара кызматташуусу учурда ЖККУга мүчө башка белгиледи. “Биз муну колдойбуз”, - деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий