• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин отуруму тар курамда өтүүдө

Саясат 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму өтүүдө.

Тар курамдагы отурумда ЖККУ ишмердигинин алкагындагы эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча пикир алышуу болот.

Андан кийин отурум кеңири форматта өтөт.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү ЖККУ саммитин өткөрүү менен Кыргызстан уюмдагы төрагалык мезгилин жыйынтыктайт.

Пикир

Оставить комментарий