• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин жумушчу тобунун жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-ноябрында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлеринин Кеңешинин алдындагы жумушчу топтун материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйын видеоконференция режиминде РФ коргоо министринин орун басары Дмитрий Булгаковдун жетекчилиги астында өттү. Ага Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана ЖККУнун Бириккен штабынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз тараптан КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Акылбек Ибраев катышты.

Жумушчу топтун отурумунун жүрүшүндө ЖККУнун материалдык-техникалык аскерлерине (Жамааттык күчтөр) байланыштуу маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий